КР ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ УЛУТТУК АТТЕСТАЦИЯЛЫК КОМИССИЯ «КЫРГЫЗТЕСТТЕ»

       2023-жылдын 26-сентябрында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская КР Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева менен жолугушту.
Жолугушууда Батма Топоева-Ставинская «Кыргызтест» системасы жөнүндө жана мекеменин аткарып жаткан иш-аракеттери тууралуу комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева баштаган Улуттук аттестациялык комиссиянын өкүлдөрүнө маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечекте кызматташууну кеңейтүү маселелерин жана окумуштуулук даражаны изденүүчүлөрдүн «Кыргызтест» системасы боюнча бир гана мамлекеттик тилден эмес, англис тилинен дагы тест тапшыруу жолдорун макулдашышты.

You may also like...