КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу Нарын облусунун мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери жана тургундары!

«Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2024-жылдын 9-20-сентябрында Нарын шаарында мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзөт.

Дареги: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин ресурстук борбору.

Тест 2 нөөмөттө жүргүзүлөт: 9:00 – 12:00 жана 13:00 – 17:00.

0995 778111 жана 0500 227770 номерлери аркылуу биз менен байланышып, тестке алдын ала катталыңыздар. Тестке графикти макулдашкандан кийин келиңиздер.

Талап кылынуучу документтер:

  1. паспорт;
  2. төлөм дүмүрчөгү.

Төлөмдү төлөө жолдору:

  • «О! Деньги» тиркемеси жана «RSK24» мобилдик тиркемеси аркылуу;
  • MegaPay электрондук капчыгы аркылуу;
  • каалаган банктын бөлүмүндө.

«Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин администрациясы

You may also like...