УРМАТТУУ МЕКЕНДЕШТЕР!

Тил – элдердин ортосундагы байланыштын маанилүү куралы экендиги талашсыз! Тил аркылуу биз бир элдин дилине сүңгүп кирип, баалуулуктарын кошо үйрөнөбүз. Учурда кыргыз жарандары өз эне тилин да мыкты билүүсү менен бирге башка тилдерди да өздөштүрө алуусу зарыл болууда. Дал ушул багытта «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тилди билүү деңгээлин аныктоо тесттерин жүргүзүү менен гана чектелбестен, мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча «Баштапкы» деңгээлде (А1) «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨШӨБҮЗ» жана «ГОВОРИМ ПО-РУССКИ» аталышындагы окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыкты.

Колдонмолор тил үйрөнүүчүлөргө А1 деңгээлинде күнүмдүк-тиричилик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде баштапкы коммуникативдик байланышты түзө билүүгө үйрөтөт. Колдонмолордо А1 деңгээлинин лексикалык жана грамматикалык минимумдарынын алкагында сүйлөшүүнү камсыз кылган сөздөр, сөз айкаштары, негизги этикеттик сөздөр, чакан тексттер, диалогдор жана грамматикалык справочник камтылган.

Тилди үйрөтүүдө төрт көндүмдү бирдей өркүндөтүп туруу абдан маанилүү болгондуктан, сунушталып жаткан окуу-методикалык колдонмолордо улуттук «Кыргызтест» системасынын А1 деңгээлинин талаптарына ылайык чакан көлөмдөгү текстти же билдирүүнү окуп, жалпы маанисин түшүнө билүүсүн («Окуу» субтести), чакан көлөмдө так жана жай айтылган аудио маалыматтын жалпы маанисин түшүнө алуусун («Угуу» субтести), кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки («Сүйлөө» субтести) жана жазуу жүзүндө («Жазуу» субтести) билдире алуусун жана грамматикалык эрежелерди өздөштүрүү менен аларды орундуу колдоно билүүсүн калыптоого багытталган тапшырмалар берилди.

Колдонмолор кыргыз, орус тилдерин чет тил катары окутуп жаткан мугалимдерге, студенттерге жана тилди өз алдынча үйрөнүүчүлөргө арналат.

«Кыргызтесттин» колдонмолору аркылуу тилдерди үйрөнүү сиздер үчүн жеңил болот деген үмүттөбүз жана тил үйрөнүүдө ийгилик каалайбыз!

Кошумча маалымат: Колдонмолор кыргыз жана орус тилчи мугалимдердин арасында таркатылат.

Аталган колдонмолорду алуу үчүн 0 312 886 917; +996 555 000 661 телефондоруна алдын ала мекеменин атынан табыштама калтырып коюуңуздар.

You may also like...