КУЛАКТАНДЫРУУ: «КЫРГЫЗТЕСТ» ТАЛАС ШААРЫНДА

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2024-жылдын 04-июнунан баштап Талас облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүп жатат.

Талас шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 20-июнуна чейин өткөрүлөт. Дареги: Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 45, А.Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектеби, жыйындар залы.

Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 270 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...