Урматтуу англис тилинен тест тапшырууну каалоочулар!

2024-жылдын январынан тартып «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Steppe Learnung KG ЖЧКсы менен тыгыз кызматташуунун негизинде «Кыргызтест» системасы аркылуу англис тилинен тест тапшырып, эл аралык деңгээлдеги дүйнө жүзүнүн көп өлкөлөрүндө таанылган CEFR сертификатын алуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

CEFR сертификатын алуу үчүн англис тилин билүү деңгээлин аныктоо тестинен өтүү этаптары:

  1. Көнүгүү тестинен өтүп, деңгээлди аныктоо
  2. Сертификаттык тест
  3. Жыйынтыгынын негизинде сертификат алуу

Тесттин узактыгы – англис тилин билүү деңгээлине жараша 25 мүнөттөн 50 мүнөткө чейин.

CEFR чет тилин билүүнүн алты деңгээли бар

  • A1- beginner
  • A2-elementary
  • B1-intermediate
  • B2-upper-intermediate
  • C1-advanced
  • C2-proficien

Дүйнө жүзүнүн көп өлкөлөрүндө таанылган CEFR сертификаты чет өлкөгө окууга тапшырууга же кызматка орношуу үчүн көрсөтүүгө керектелет.

You may also like...