КУЛАКТАНДЫРУУ: КӨЧМӨ ТОП КАРАКОЛ ШААРЫНДА


«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2023-жылдын 18-декабрынан тартып Ысык-Көл облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштайт.
Мобилдик тест Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназиясынын 2-кабатындагы жыйындар залында өткөрүлөт.
Кошумча маалымат: Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 755 887 060 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...