КУЛАКТАНДЫРУУ: КӨЧМӨ ТОП НАРЫН ШААРЫНДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2023-жылдын 4-декабрынан тартып Нарын облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштайт.

Мобилдик тест Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин ресурстук борборунда өткөрүлөт.

Кошумча маалымат: Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 700 117 119 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...