КУЛАКТАНДЫРУУ: «КЫРГЫЗТЕСТ» ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2024-жылдын 08-майынан баштап Жалал-Абад облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүп жатат.

Жалал-Абад шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 31-майына  чейин өткөрүлөт. Дареги: Түмөнбай Байзаков көчөсү, 25а, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Илимий китепкана.

Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 270 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...