“Кыргыз тилди санариптик окутуу” платформасынын таанытымы – БИМде
Бүгүн, 2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б. Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз тилди санариптик окутуу” платформасы Бишкек шаарында жайгашкан жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилерине, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жана кызматкерлерине тааныштырылды. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы А.Ж. Мамытов алып барды.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев да катышты. Ошондой эле таанытымга онлайн тартибинде башка аймактардагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана кызматкерлери катышты.
Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын автору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна, платформаны колдонуу жолдорун көрсөтүп, мультимедиялык каражаттарды колдонуу менен маалыматты угуп жана окуп түшүнүү, өз оюн жазуу жүзүндө жана оозеки билдире алуу сыяктуу тилдик көндүмдөрдүн баарын ырааттуу үйрөтүү ыкмаларын көрсөтүп, платформадагы окуу материалдарды, тесттерди, көнүгүүлөрдү жана башка билим берүү ресурстарынын ар бир бөлүгүн чечмелеп берди.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев жыйынтыктоо сөзүндө бул платформа кыргыз тилчи мугалимдер жана окутуучулар үчүн зарыл болгон санариптик каражат экенин баса белгилеп, аны колдонууда чоң ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде иш-чаранын катышуучулары да авторго ыраазычылыгын айтып жатышты.
Санариптик платформанын автору кесиптештерине ийгиликтерди каалап, бул окутуу каражатынын ажарын ачуу алардын колунда экендигин белгиледи.
Кошумча маалымат: “Кыргыз тилди санариптик окутуу” платформасынын таанытымы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан сунушталып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.





