КЫРГЫЗТЕСТ: 2023-ЖЫЛДЫН 11-15-СЕНТЯБРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү Бишкек жана Талас шаарларында улантууда.

          2023-жылдын 11-15-сентябрь күндөрү «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, КР Финансы министрлигинин жана КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлүп, жалпысынан 92 адам тестке катышты.

          Ал эми Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаары жана Талас облусу боюнча башкармалыгынын, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын, Талас облусунун прокуратурасынын, КР Улуттук банктын кызматкерлери үчүн мобилдик тест өткөрүлүп, жалпысынан  462 адам тест тапшырды.

            Тест жүргүзүү бекитилген графиктерге ылайык уланууда.

You may also like...