«КЫРГЫЗТЕСТ»: ТАЛАС ШААРЫНДЫГЫ ЖЫЙЫН

2022-жылдын 7-июлунда Талас шаарында «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К. Жанузакова ачты. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев «Талас облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темада баяндама жасады. Ошондой эле «Улутсофт» компаниясынын директору М. Окенов өз баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Иш-чарага Талас шаарынын вице-мэри М. Сейдикеримова катышты.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши жана алдыдагы максаттары тууралуу «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская кеңири айтып берди. Ал баяндамасында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде кыргыз тили боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгып, бардык каалоочуларга колдонуу үчүн мекеменин сайтына коюлгандыгын, ошондой эле учурда мугалимдерге мамлекеттик тилди окутууда көмөк бере турган электрондук сөздүк-колдонмо даярдалып жаткандыгын белгиледи.

 

You may also like...