КЫРГЫЗТЕСТ: 2023-ЖЫЛДЫН 15-20-МАЙЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

       2023-жылдын 1520-май күндөрү бекитилген графикке ылайык КР Маданият, маалымат КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлеринин жана КР Тышкы иштер министрлигинин бош мамлекеттик административдик жана дипломатиялык кызмат орундарын ээлөө үчүн өтүп жаткан сынактын катышуучуларынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

       «Кыргызтесттин» көчмө тобу бул күндөрү Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында тест жүргүзүүнү улантты. Жалал-Абад шаарында шаардык депутаттар кеңешинин мүчөлөрү, Жалал-Абад шаардык мэриянын, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад филиалынын, Жалал-Абад шаардык мэриянын алдындагы «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» кайрымдуулук борборунун, КР Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатынын жана Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы райондорунун мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Жалпысынан 622 адам тест тапшырышты.

Кошумча маалымат: Жалал-Абад шаарында тест жүргүзүү 2023-жылдын 23-майына чейин өткөрүлөт. 24-майдан баштап көчмө топ ишин Ош шаарында улантат. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 501 123 393 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...