«КЫРГЫЗТЕСТ» МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДАСЫГЫН ЖОГОРУЛАТУУДА

2023-жылдын 26-28-сентябрь күндөрү Патрис Лумумба атындагы Россиянын Элдер достугу университетинин орус тили институтунун кызматкерлери доцент, п.и.д. И.И. Просвиркина жана ага окутуучулар п.и.к. Е.Ю. Куликова, М.В. Китаева тарабынан орус тилинен тест жүргүзүү системасынын өзгөчөлүктөрү, А1, А2, В1, В2, С1 деңгээлиндеги субтесттерге контролдук өлчөө материалдарын иштеп чыгуудагы принциптер, «Угуу», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө» субтесттери үчүн контролдук өлчөө материалдарын иштеп чыгууда тилдик материалды тандоо критерийлери, психометрикалык анализ жана орус тили боюнча тесттин негизги маселелери жана лингводидактикалык тестти жүргүзүүнүн уюштуруу аспектилери жөнүндө адистердин дасыгын жогорулатууга арналган окутуу курстары өткөрүлдү. «Кыргызтест» мекемесинин тест тапшырмаларын түзүүчүлөрү, эксперттери аталган окутуу курсуна жигердүү катышып, тест тапшырмаларын түзүү жана анын жыйынтыгын баалоо боюнча дасыгын жогорулатып, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

You may also like...