«КЫРГЫЗТЕСТ» №61 МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНДЕ

2022-жылдын 06-январында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын алкагында «Кыргызтест» системасынын деңгээлдик талаптарын Жалпы билим берүү уюмдарына (ЖББУ) киргизүү ишин баштоо максатында Е.Б Якирдин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин чакыруусу боюнча аталган мектептин жамаатына маалымат берүү иштери жүргүзүлдү.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская мектеп-лицейинин директоруна жана педагогикалык жамаатына келечек муунду тарбиялоого жана билим берүүгө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, «Кыргызтест» системасы жөнүндө жалпы түшүнүк берүү менен системанын деңгээлдери, мазмуну, тест процессин жыйынтыктоо жана баалоо иштерине кеңири токтолду.

Ошондой эле Б.Б. Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасында көрсөтүлгөн ЖББУ бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүүсүнө коюлган В1 деңгээлине жетүү үчүн кандай даярдыктарды көрүү керек экендигине да басым жасады.

Бул иш-чаранын алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга бирден-бир түрткү берүүчү «Мобилдик Кыргызтест» тиркемесинин иштелип чыккандыгы белгиленип, тиркемени колдонуу тартиби мугалимдерге иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Мектеп жамааты маалыматты кызыгуу менен кабыл алып, кызыктырган суроолорго жооп алышты. Иштин жүрүшүндө мамлекеттик жана расмий тилдерди мындан ары өнүктүрүү боюнча кызматташуу жолдору макулдашылды.

You may also like...