«КЫРГЫЗТЕСТ»: БИШКЕК ШААРДЫК ИЧКИ ИШТЕР БАШКЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2022-жылдын 22-мартынан 6- апрелине чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо максатында тест тапшырышты. А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдеринин беш субтестти боюнча жалпысынан 535 адам тестке катышты.

Эскертүү: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар арасында массалык түрдө тест жүргүзүү Өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы «Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө» № 757 Токтомуна ылайык жүргүзүлүп келет.

You may also like...