«Кыргызтест» – ОшМУ: Кызматташуунун иштиктүү кадамдары

2021-жылы алдын ала макулдашуунун жана Ош мамлекеттик университетинин өтүнүч катынын негизинде «Кыргызтест» системасынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская расмий иш сапарынын биринчи күнүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен бүгүн, 2022-жылдын 27-январында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Батма Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берди. ОшМУдагы адистер биринчи курстун студенттерин алгач тилди билүү деңгээлин аныктоочу онлайн тесттен өткөрүп, окутуп жаткандыгына жогору баа берип, бул багытта «Кыргызтест» мекемеси университет менен биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан алгачкы иштиктүү кадам болуп жатат.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда тилди денгээлдик талаптарга ылайык окутууну жана алган билимин жыйынтыктоону мындан ары ырааттуу улантуу үчүн мекемелер аралык меморандум даярдалууда.

Кошумча маалымат: Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасында «Кыргызтест» системасынын деңгээлдик талаптарын билим берүүнүн бардык баскычтарына киргизүү каралган.

You may also like...