КЫРГЫЗТЕСТ: БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 15-мартында Бишкек шаарынын мэриясында «Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы» аталышындагы жыйын өттү.

       Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары О.Э. Капалбаев, Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышышты.

       Мамлекеттик катчы С. Касмамбетов ачылыш сөзүндө улутту улут кылган, улут наркын арттырган нерсенин бири тил экендигин баса белгилеп, өз тилибизди даңазалап, кыргыз мамлекетинде тилге болгон зарылдыкты түзүү керектигин айтты. Бишкек шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү боюнча Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров жана мэриянын муниципалдык администрация башчылары маалымат беришти. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы. «КР мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын долбоору, «КР жарнама жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы» деген темада баяндама жасады. Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду» деген аталыштагы баяндамасында «Кыргызтесттин» иши жана алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

       Жыйынды Бишкек шаарынын мэри Э.М. Абдыкадыров жыйынтыктады.

You may also like...