«КЫРГЫЗТЕСТ»: КӨЧМӨ ТОП АЙМАКТАРДА ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮНҮ УЛАНТУУДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2022-жылдын 18-апрелинен 29-апрелине чейин Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Каракөл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынын, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо максатында А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча тест жүргүздү. Тестке Ички иштер министрлигинин, Салык кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жалпысынан 640 адам катышты.

You may also like...