КЫРГЫЗТЕСТ: КӨЧМӨ ТОП ОШ ШААРЫНДА

       «Кыргызтесттин» көчмө тобу 2023-жылдын 22-23-май күндөрү Жалал-Абадда мобилдик тестти жыйынтыктап, 24-майдан тартып Ош облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында тест жүргүзө баштады. 22-27-май күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Сузак жана Чаткал райондук мамлекеттик администрацияларынын, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларынын мамлекеттик мекемелеринин жана Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

       Ал эми Бишкек шаарында бекитилген график боюнча КР Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышышты.

       Жалпысынан 636 адам тест тапшырышты.

Кошумча маалымат: Ош шаарында мобилдик тесттер 2023-жылдын 2-июнуна чейин өткөрүлөт.Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 501 123 393 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...