КЫРГЫЗТЕСТ: МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ УЛАНТЫЛУУДА

2022-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары, коопсуздук жана коргонуу боюнча сектордун, чечимдердин аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү секторунун, жарандык боюнча комиссиянын катчылыгынын, мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты. Жалпысынан 12 адам тест тапшырды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн онлайн тартибинде тест жүргүзүү уланууда. 8-августтан 19-августка чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилигинин жана Россия Федерациясынын  Новосибирск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери онлайн тестке катышышты.

 

You may also like...