«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу өз ишин улантууда

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомунун алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу алыскы аймактардагы мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо боюнча жүргүзүп жаткан тест  процессин кайрадан улантты.

       Баткен областына караштуу райондордун  бардык аймактарынан 370 мамлекеттик кызматкер тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты. Тест процесси он-лайн режиминде үзгүлтүксүз түз көрсөтүлүп жатты.

You may also like...