КЫРГЫЗТЕСТ: ОШ ШААРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТТИН ЭКИНЧИ КҮНҮ

Бүгүн, 2022-жылдын 22-ноябрында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тестке Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин аспиранттары, жалпысынынан 75 адам катышты.

Бул күнү Ош мамлекеттик университетинин эки аспиранты тарабынан тест жүргүзүү тартибин бузуу учурлары катталды. Бир тест тапшыруучу компьютерден браузерди ачып, керектүү маалыматты издөөгө аракет кылса, экинчи тест тапшыруучу уюлдук телефонун колдонуу үчүн жашыруун алып кирүү менен тест эрежелерин одоно бузушту. Тартип бузуу боюнча актылар түзүлүп, аспиранттар тест тапшыруудан четтетилишти жана алардын тест жыйынтыктары жокко чыгарылды.

You may also like...