«КЫРГЫЗТЕСТ»: ТАЛАСТА МОБИЛДИК ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ

2022-жылдын 25-июлунан баштап «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Талас облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштады. Бүгүн тестке Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, салык кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик эсепке алуу кызматынын, ошондой эле Талас шаарынын мэриясынын, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн, Талас шаарынын мэриясына караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча секторунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

You may also like...