«КЫРГЫЗТЕСТ»:  ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ УЛАНУУДА

Бүгүн, 2022-жылдын 12-майында, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кайрылуу катынын негизинде ажылык сапарга баруучулар тобунун жетекчилеринин (ажы башчыларынын) арасында ажы башчыларын тандап алуунун 1-турунун алкагында В1 деңгээли боюнча тест жүргүзүлдү. Тестке жалпысынан 163 адам  катышты. Тест жыйынтыгы дароо чыгарылып, сайтка коюлду.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү тестти уюштуруу жана анын жүрүшү боюнча терең ыраазычылык билдиришти.

You may also like...