КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде 2022-жылдын 5-декабрынан 9-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери, окумуштуулук даражаны изденип алуучулар жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн адамдар үчүн «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлүп, жалпысынан 145 адам тестке катышты.

       Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерине онлайн тартибинде тест жүргүзүү улантылууда. 5–9-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилигинин жана Нью-Йорк шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери онлайн тестке катышышты.

You may also like...