«КЫРГЫЗТЕСТ»: ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ЖЫЙЫН

2022-жылдын 21-июнунда Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында «Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк» аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул жыйында негизги эки маселе каралды:

  1. «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы;
  2. КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгынын аткарылышы.

 Аталган жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, «Кыргызтест» мекемесинин директору                                       Б.Б. Топоева-Ставинская, мэриянын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, коомдук ишмерлер, жаштар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Жыйында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О. Осмоналиев «Жалал-Абад облусунда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери» деген темада баяндама жасады. «Жасалма интеллект жана мамлекеттик тил» аталышында баяндамасы менен «Улутсофт» компаниясынын жетекчиси М.Окенов чыгып сүйлөдү.

Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду» деген аталышта баяндама жасады.

Баяндамаларды уккандан кийин жыйындын катышуучулары суроолорго жооп беришип, күн тартибин талкуулоону улантышты.

Мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошкон айрым кызматкерлер Улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Иш-чараны КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Сыргабаев жыйынтыктады.

You may also like...