«КЫРГЫЗТЕСТТИН ЖАҢЫ КАДАМДАРЫ»: ТРКО ТЕСТИН КИРГИЗҮҮ

       2020-жылдын 21-февралында Эл аралык Эне тил күнүнүн урматына  

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү деңгээлин аныктоо тесттери уюштурулду. Тестке катышуучулар өз убактыларына жараша тестти чакан тест катары (флешмоб түрүндө) жана  толук форматта өтүп жатышты.

       Аталган тестке Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Н.Н.Удовиченко  жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы К.Б. Базарбаев жана бөлүм кызматкерлери катышышты. Ошондой эле бул күнү  график боюнча тест тапшырып жаткан айрым кызматкерлер да өзүнүн мамлекеттик жана  расмий тилдерин  билүү деңгээлин аныктай алышты.

       Кыргыз Республикасында расмий тилди билүү деңгээлин баалоо тести (ТРКО) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлунун ПЖ № 155 Жарлыгына жараша «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө»  Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

        Б.Б. Топоева-Ставинская: «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тыгыз кызматташуу, кайчылаш жылында Кыргызстанда орус тилин расмий тил катары баалоо системасын ишке киргизүү эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнашты, кызматташтыкты чыңдоого жаңы дем берет деген ишеничтебиз» .

You may also like...