Бүгүн, 7-октябрда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Жогорку Кеңештин имаратында көчмө тест уюштурду.
Алгач Төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын жана парламенттин Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында өткөрүлүп жаткан акциянын жүрүшү менен таанышты.
Негизги мыйзам чыгаруу органында эмгектенген бардык кызматкерлер мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билиши керектигин айткан Төрага: “Өткөн жылы депутаттар конституциялык макамга ээ “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алганбыз. Андыктан, аталган мыйзамдын талаптарын бекем сактап, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишинде кыргыз тилин кеңири колдонушубуз керек. Бул үчүн кызматкерлер мамлекеттик тилди толук билиши зарыл”, – деди.
Муну менен катар өнүккөн технологиянын өзгөчөлүктөрүн эске алып, тестирлөөдө заманбап ыкмаларды колдонуу зарылчылыгына токтолгон Төрага өзү да тест тапшырып, С1 деңгээлиндеги тесттен эң жогорку балл алды.
Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев жыл башында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине келип, заманбап компьютерлерди жана маалымат иштетүүчү кубаттуу серверди белек кылган.
Андагы жолугушууда аймактардагы мамлекеттик-муниципалдык мекемелерде эмгектенген кызматкерлерди жеринде тест тапшыртуу үчүн адистерди жана жабдууларды ташууга кичи автобус унаасы керектиги айтылган. Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе да маанилүү экенин белгилеп, көп өтпөй “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобусту тапшырган.
«Кыргызтест» системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.
КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу тест тапшыруучулар!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12:00дон 13:00го чейин болот.
Тест алдын ала бекитилген график боюнча эки нөөмөттө жүргүзүлөт.
➽ Биринчи нөөмөткө каттоо саат 9:00до башталат
➽ Экинчи нөөмөткө каттоо саат 13:00до башталат
Тест акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт (КР 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 2-главасынын 7-беренесинин 1, 2-пункттарынан тышкары)
Төлөмдү төлөө жолдору:
● каалаган банктын бөлүмүндө;
● «О! Деньги» тиркемеси жана «RSK24» мобилдик тиркемеси аркылуу;
● MegaPay электрондук капчыгы аркылуу.
Компьютердик класстагы орундар чектелүү болгондуктан, тестке алдын ала жазылып, графикти макулдашып келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Көңүл буруңуздар!
Сертификаттар шаршемби жана жума күндөрү саат 14:00дон 17:00го чейин берилет (алдын ала табыштама калтыруу аркылуу)
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон номурлары:
+996 555 000 661 0 312 886 917
Администрация
ТЕСТТИ КАЙРА ТАПШЫРУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
Тест жыйынтыгына жараша кайра тапшырууга төмөндөгүдөй тартипте жол берилет:
• 50-59 балл болгон учурда – 3 жумушчу күндөн кийин;
• 40-49 балл болгон учурда – 10 жумушчу күндөн кийин;
• 40 баллдан төмөн болгон учурда – 1 айдан кийин
ТЕСТ АКЫСЫ
Алуучу: «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Алуучунун банкы: КР борбордук казыналыгы Төлөм коду: 14235400 Төлөмдүн багыты: Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм Эсептешүү эсеби: 4402031102003679 БИК: 440203 Баасы: 450 сом Бир субтестти кайра тапшыруу баасы: 90 сом