«КЫРГЫЗТЕСТ»: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүүнү Бишкек жана Талас шаарларында улантууда.

2023-жылдын 4-8-сентябрь күндөрү «Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын, КР Финансы министрлигинин жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлүп, жалпысынан 125 адам тестке катышты.

Ал эми Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери үчүн мобилдик тест өткөрүлүп, жалпысынан 370 адам тест тапшырды.

Кошумча маалымат: Талас облусунда мобилдик тесттер 15-сентябрга чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн +996 501 611 612 телефону аркылуу байланыша алышат.

You may also like...