ОШ ОБЛУСУНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТ

Урматтуу Ош облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест уюштурууда. Ош облусу боюнча тест жүргүзүү 2023-жылдын 02-октябрынан баштап Ош шаарында Исанов көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан А.Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы корпусунун Электрондук китепканасында өткөрүлүп жатат.
Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн 0998 779 914 телефону аркылуу байланыша алышат.

You may also like...