«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарында флешмоб өткөрөт

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарында флешмоб өткөрөт

2019-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгынын урматына флешмоб түрүндө чакан тест өткөрөт.

Бул иш-чарага Ош шаарынын жалпы тургундары, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылат.

Флешмоб өткөрүүнүн максаты: жарандардын патриоттук сезимдерин жогорулатуу; мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыкчылык арттыруу;  «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу; тилди билүү деңгээлдери боюнча маалымат берүү.

Кошумча маалымат:

Флешмоб түрүндөгү чакан тестте катышуучуларга 5 субтесттен турган тест варианттары сунушталат. Ар бир катышуучу өз каалоосуна жараша тесттин түрүн тандап алат.

Мында лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу  жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү бааланат.

Бардык 5 субтест боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат берилет.

Тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга чакан белектер ыйгарылат.

Флешмобдун жүрүшү толугу менен «Кыргызтест» сайтында онлайн чагылдырылып турат.

ОрдуОш шаары, «Нурзаман» соода борбору

Убактысы: 11:00дөн 17:00гө чейин

Байланыш телефону0501 611612 (Асель)

You may also like...