КУЛАКТАНДЫРУУ

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары!

Эртең, 2022-жылдын 15-сентябрында саат 11:00дон 18:00го чейин «Бишкек Парк» соода борборунун 1М кабатында Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин атайын тапшырмасынын негизинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси флешмоб (чакан тест) өткөрөт.

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын жалпы тургундары, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, бардык каалоочулар чакырылат.

Флешмоб өткөрүүнүн максаты: жарандардын патриоттук сезимдерин жогорулатуу; мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кызыкчылык арттыруу;  «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу; тилди билүү деңгээлдери боюнча маалымат берүү.

Бардык  субтесттер боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат берилет.

Тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга чакан белектер ыйгарылат.

Флешмобдун жүрүшү толугу менен «Кыргызтест» сайтында онлайн чагылдырылып турат.

You may also like...