Талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович мамлекеттик тил сынагын ийгиликтүү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер С.Жээнбеков мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өттү
04.08.2017
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык саат 13:30да талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович сынакка кирген.

“Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө” субтесттерин ийгиликтүү тапшырган сынактын жыйынтыгында талапкер С.Жээнбеков жалпы 94,6 балл алды.

Бүгүн 4-августта биринчи болуп сынак тапшырган талапкер Джунусов Руслан Эшимбекович жыйынтыгында 46,1 балл алып, талапка ылайык балл топтой албагандыгына байланыштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилмекчи.

You may also like...