«КЫРГЫЗТЕСТ» системасы өз ишин жаңы нукта улантууда

 

Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2014-жылдын июнундагы №119 «Кыргыз Республикасында 2014–2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 «Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү дэңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө» Токтомун ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 19-февралында КР БИМ УТЖБ «КЫРГЫЗТЕСТ» башкармалыгы «КЫРГЫЗТЕСТ» системасы аркылуу Бишкек шаарынын Т. Саманчин, 6а дарегинде жайгашкан жаңы  имаратында компьютердик нуктагы тесттерин заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган лингофондук кабинкаларында  өткөрө баштады.

19-февраль күнү Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү айрым жетекчилери жана кызматчылары, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын расмий тилдүү жетекчилери (жалпы 33 адам) баамдоо тестинен өтүп, системанын ишине ыраазычылык билдирип кетишти.

           

 

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын 57 кызматчысы «КЫРГЫЗТЕСТ» системасынын баамдоо тестинен өтүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

        

You may also like...