Жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү 2019-жылдан баштап тест тапшырышат

2019-жылдын 11-январында Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маанилүү жыйын болуп өттү. Билим берүү жана илим министри Г.К. Кудайбердиеванын катышуусунда жүргүзүлгөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская чакырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-июнундагы №279 Токтомду аткаруу маселеси көтөрүлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук Программада көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо кандай нукта жана ким тарабынан жүргүзүлүшү керек экендиги талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-июнундагы №279 Токтомуна ылайык, тестти «Кыргызтест» системасынын негизинде жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Б.Б. Топоева-Ставинская бул чечимдин негизинде 2019-жылдын март айында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында баштала турган тестке мектеп бүтүрүүчүлөрүн да киргизүү керек экендигин жана каралып жаткан маанилүү жана жоопкерчиликтүү ишти жетиштүү деңгээлде уюштуруу үчүн тесттин мазмуну жана графиги иштелип чыгып, «Кыргызтесттин»  www.kyrgyztest.gov.kg сайтына коюларын белгиледи.

You may also like...