КЫРГЫЗТЕСТ: КӨЧМӨ ТОП БАТКЕН ШААРЫНДА

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2023-жылдын 23-24-октябрь күндөрү Ош шаарындагы мобилдик тестти жыйынтыктап, 25-октябрдан тартып Баткен облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштады. Бүгүн, 25-октябрда Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.
Тест Баткен шаарындагы М.Салихов көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан В.И.Ленин атындагы орто мектебинин электрондук китепканасында өтүүдө.

Кошумча маалымат: Баткен шаарындагы мобилдик тесттер 2023-жылдын 04-ноябрына чейин өткөрүлөт. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 772 288 886 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...