ЖАҢЫ МОБИЛДИК ТИРКЕМЕНИ ИШКЕ КИРГИЗҮҮ

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна 2020-жылдын 23-сентябрында “Кабар” агенттигинде өткөн “Тил саясаты жана жасалма интеллект” деген темадагы пресс-конференцияга катышты.

       Ал тест жүргүзүүнүн санариптик жаңы формаларын киргизүүнүн маанисин белгилөө менен, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин бул багытта жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу айтып берди. Атап айтканда, уюлдук телефондор үчүн жаңы колдонмолорду ишке киргизүү жөнүндө түшүнүк берди.

       Бул тиркеме коомдо, өзгөчө жаштар арасында мамлекеттик тилди жайылтууга кызмат кылат.

You may also like...