«Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму болуп өттү

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму болду. Аталган форумду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич ачты. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич куттуктоо сөзүн сүйлөп, төрага Каныбек Осмоналиевичке Ош мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору наамын ыйгарды.

Форумга КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу реформаларга мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн эксперти Жанузакова Кыял Байышевна, Ош шаарынын мэринин орун басары Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери Абылкасымова Тамара Нурмамытовна жана жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, кафедра башчылары, ЖМК өкүлдөрү ж.б. катышты.

Баяндамаларга кезек берилип, 7 баяндама жасалды:

1. Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна – “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору. “Кыргызтест”: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча.

2. Садыкбек кызы Жайнагүл – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору, ф.и. кандидаты, доцент. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча.

3. Маматова Асылкан Алтыбаевна – Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин улук окутуучусу. “Көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу” (ОшМУ).

4. Сыдыков Жыргал Дүйшекеевич – И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча.

5. Абдышова Зарина Абдиназаровна – Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык – педагогикалык колледжинин улук окутуучусу. “Студенттердин сабаттуулугун жогорулатуудагы айрым ыкмалар” (ОшМУ).

6. Сатиев Азамат Ташыбекович – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы боюнча.

7. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.

“Жогорку окуу жайлардагы иш кагаздарынын абалы” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы боюнча маалымат (Инфодокс боюнча).

Жогорку окуу жайында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктары, келечектүү пландары, көйгөйлөрү, жаратман иштери, тилдик деңгээлдер боюнча окутуунун максаттуулугу жөнүндө проректорлордун сунуштары, суроолору, көргөзмөлүү иштери боюнча суроо-жооп, талкуу болуп, төмөнкүлөр жарыш сөзгө чыгып катышты.

1. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректорунун орун басары Толубаева Чолпон Дердеңбаевна

2. Баткен мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил департаментинин башчысы Мурзалиева Аймактым Шоруковна

3. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Доранова Айгүл Дадажановна

4. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ош аймактык институтунун директору – Кадырова Акшоола Акбаралиевна

5. Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору Жунусалиева Кундуз Тотоновна

6. Абылкасымова Тамара Нурмамытовна – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин секретариатынын спичрайтери.

Соңунда Кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

You may also like...