Практикалык окутуу семинары өз ишин улантууда

3-4-мартта, Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын мамлекеттик тил адистерине жана жалпы билим берүү мекемелеринин кыргыз тил мугалимдерине тест түзүү боюнча практикалык окутуу семинарынын экинчи отуруму болду.
Анын жүрүшүндө тил адистери тарабынан кесиптик чөйрөсүнө түзүлгөн тапшырмалар талданып, жаңы тесттерди түзүүгө машыгышты. Иштин жүрүшүндө тест тапшырмаларын түзүүдө кездешкен айрым маселелер боюнча кеңири түшүнүк алышты.

    

Кеңешмеде саламаттык сактоо, экономика, каржы министрликтеринин, кадр кызматынын, Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын адистери жана борбор калаанын №58, №48, №13-мектептеринин кыргыз тил мугалимдери өздөрүнүн жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

You may also like...