«САБАТТУУ ЖАЗУУ» ИШ-ЧАРАСЫ УЛАНУУДА
Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмасынын негизинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов тарабынан бекитилген бир айлыктын алкагында атайын иш-чаралар каралган.
Бүгүн, 2022-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери жат жазуу жазышты.
Аталган «Сабаттуу жазуу» иш-чарасына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты.