ЕККУ ӨКҮЛДӨРҮ КЫРГЫЗТЕСТТЕ

Бүгүн, 17-апрелде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссарынын өкүлдөрү Питер Надерер жана Эдин Элгсаэтер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук системанын түптөөчүсү Б.Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле келген өкүлдөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасында бардык этностордун өкүлдөрүнө бирдей мамиле жасалып жаткандыгын жана ар бир кыргызстандыктын өз эне тилин, маданиятын билүүсүнө эч кандай бөгөт коюлбагандыгын белгиледи. Мамлекеттик тилди билүү коомдо социалдашуу жана кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл экендигин билдирди. 

ЕККУ өкүлдөрү улуттук азчылыктарга тилди үйрөтүү маселелерин колго алуу боюнча берилген суроолоруна жооп алышты. Тараптар бул жаатта бир катар кызматташуу жолдорун талкуулашты.

You may also like...