КЫРГЫЗТЕСТ: ТАЛАС, ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ ТЕСТТЕР

2024-жылдын 18 – 22-июнь күндөрү Талас шаарында Талас облустук статистика башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас облустук башкармалыгынын, Талас облусу боюнча Пробация бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот депаратаментинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести өткөрүлдү.

            Аталган күндөрү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн, КР Финансы министрлигинин Ак-Суу финансы башкармалыгынын, Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн, Мамлекеттик салык кызматынын Ак-Суу району боюнча башкармалыгынын, Ак-Суу райондук статистика бѳлүмүнүн, Ак-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана      миграция башкармалыгынын кызматкерлери тест тапшырды.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 18 – 22-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Аламүдүн райондук башкармалыгынын, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү Талас, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча жалпы 441 кызматчы тест тапшырды.

You may also like...