«КЫРГЫЗТЕСТ»: МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮ УЛАНУУДА

2022-жылдын 23-августунда бекитилген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин 35 кызматкери жана №30 Орто жалпы билим берүүчү мектебинин 8 мугалими «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестине катышышты. Тест В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кызматкерлердин арасында тестти алгач тапшыргандар жана деңгээлдерин жогорулатуу максатында да келишкендер болду.

You may also like...