ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БИШКЕК ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

2024-жылдын 08 – 11-май күндөрү Жалал-Абад облусунда Жаңы-Жол, Кашка-Суу, Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана Ош мамлекеттик университетинин, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин аспиранттарынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести өткөрүлдү.

«Кыргызтесттин» Бишкектеги кеңсесинде 2024-жылдын 06 – 11-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Бишкек шаардык статистика башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

Аталган күндөрү Жалал-Абад облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 293 кызматкер тест тапшырды.

Жалал-Абад шаарындагы «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тести 2024-жылдын 31-майына чейин өткөрүлөт.  Дареги: Түмөнбай Байзаков көчөсү, 25а, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Педагогика корпусу, Илимий китепкана.

Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 770 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...