Батма Топоева-Ставинская «Даңк» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу  «Кыргызтест» системасынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна «Даңк» медалы менен сыйланды.

Батма Болоталиевна басып өткөн эмгек жолундагы алган тажрыйбаларынын натыйжасы менен мамлекеттик тил жаатында бир кыйла алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырды. Ал Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо боюнча «Кыргызтест» системасын жана Кыргыз Республикасында расмий тилди баалоо ТРКО (Тестирование по русскому языку как официальному) системасын түптөгөн. 2015-жылы Кыргыз тилинин жыштык сөздүгүн иштеп чыккан.  Расмий тилди билүү деңгээлине коюлган Талаптарды (ТРКО-А1, ТРКО-А2, ТРКО-В1), Лексикалык минимумдарды (ТРКО-А1, ТРКО-А2), Типтүү тесттерди (ТРКО- А1), расмий тилди окутуу боюнча «Русский с самого начала» окуу колдонмосун Москва, ИРЯиК, МОГУ менен,  окутуу орус, өзбек, тажик тилдерде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мекемелеринин 2-классы үчүн мамлекеттик тилден иш дептерин, А2 деңгээли (мамлекеттик кызматкерлер үчүн) окуу-усулдук комплексин, «Кыргыз тили, А1 деңгээли (окутуу курстарынын башталгыч топтору үчүн), окутуу орус, өзбек, тажик тилдерде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мекемелеринин 1-классы үчүн мамлекеттик тилден окуу методикалык комплексин, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 11-классы үчүн кыргыз тилинен окуу куралын ж.б. башка авторлор менен чогуу иштеп чыккан жана ошондой эле “TS Testing Programm” ЭЭМ үчүн тест программасынын автору. 

Урматтуу Батма Болоталиевна,  мамлекеттик сыйлыгыңыз кут болсун! Мындан ары да өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө салымыңызды кошуп, жаңы ийгиликтерди багынта бериңиз.

You may also like...