Маалымат жыйыны

       2019-жылдын 15-августунда, «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат  агенттигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды жүзөгө ашыруу пландары боюнча маалымат жыйыны болуп өттү.

       Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьерминистри А.С. Өмүрбекова тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маалыматтар берилди.

       Аталган маалымат жыйынына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү, спорт жана маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.У. Саралаева ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин,  ошондой эле республикалык «Кыргыз тили» коомунун өкүлдөрү катышышты.

       30 жылдын аралыгында аткарылган иштер, мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана келечеги боюнча баяндамалар жасалып, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жаатындагы сунуштар айтылды. 

You may also like...

jojobetcasino siteleriDeneme Bonuslarcasibomcasibomcasibom 726casibomcasibomcasibom girişcasibomOnwincasibom giriş