ТЕСТ ТАПШЫРУУЧУЛАРГА МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ
2017-жылдын 13-июлундагы «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобонун 4-главасынын 14-пунктунда субтесттердин биринен 60 пайыздан төмөн балл топтогон тест тапшыруучуга субтесттер боюнча топтолгон баллды көрсөтүү менен берилген маалым кат 2 жылга жарактуу деп белгиленген.
Аталган жобого ылайык, 2018-2019-жылдары тесттен өтпөй калган жарандардын бардык субтесттеринин жыйынтыктарынын негизинде берилген маалым каттар күчүн жоготкондуктан, 2022-жылдан тарта бул тест тапшыруучулар тестти бардык субтесттер боюнча толугу менен кайра тапшыруусу зарыл.