КЫРГЫЗТЕСТ: ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДАГЫ ФЛЕШМОБ

       Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Чолпон-Ата шаарынын мэриясында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду.

       Флешмобго Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын, Ысык-Көл районунун архитектура башкармалыгынын, мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгынын, Бостери жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери активдүү катышып, жалпысынан 84 адам чакан тесттен өттү.

You may also like...