2021-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ

2021-жылдын 19-декабрында «Жетиген» журналы «Жылдын мыктылары» номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара республикалык «Жетиген» журналы тарабынан 49 номинация боюнча коомчулукта жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында өткөрүлдү.

«Мыкты мамлекеттик мекеме» номинациясы боюнча «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси сыйланды. Сыйлык «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинскаяга тапшырылды.

«Кыргызтест» кыска мөөнөттүн аралыгында  (3 жылдын ичинде) коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө ээ болгону мекеменин жамаатын кубандырып, мындан ары да элине чын дили менен кызмат кылууга шыктандырды.

Коомдук сурамжылоого катышкан бардык мекендештерибизге жана «Жетиген» журналынын жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

You may also like...