КЫРГЫЗТЕСТ: 2024-ЖЫЛДЫН 22-26-ИЮЛУНДАГЫ ТЕСТТЕР

2024-жылдын 22-26-июль күндөрү бекитилген графикке ылайык КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин жана № 97 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

«Кыргызтесттин» көчмө тобу бул күндөрү Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында тест жүргүзүүнү улантты. Каракол шаарында Ысык-Көл областынын прокуратурасынын, КР Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын, Каракол шаардык сотунун, Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын, Түп жана Тоң райондук мамлекеттик администрацияларынын, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кызматынын,Ысык-Көл облусунун пробация органдарынын кызматкерлери мобилдик тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Жалпысынан 562 адам тест тапшырды.

Кошумча маалымат: 2024-жылдын 29-июлунан баштап көчмө топ ишин Балыкчы шаарында улантат. Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 500 227 270телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...